Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2022-жылдын 22-декабрында Кыргызпатент тарабынан Инновациялык борбордо адабий сынактардын жеңүүчүлөрүнүн 16 китебинин: Кыргыз Республикасынын авторлорунун улуттук конкурсунун 9 китебинин, ошондой эле «7 жаш автор» 7 адабий сынагынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, авторлордун чыгармачылыгын жайылтуу, жаш авторлордун мыкты чыгармачылыгына дем берүү жана колдоо болгон.

Иш-чарага Кадыракунов Керимбек — Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары; Пазылов Абибилла — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Бактыбек Максүтов — драматург-жазуучу; Сулайман Рысбаев — Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор; Карбалас Бакиров — Кыргыз Республикасынын Эл акыны; Назим Мендебаиров – КР эмгек сиңирген артисти, Гүлзада Станалиева – филология илимдеринин кандидаты, ошондой эле башка маданият жана искусство ишмерлери.

Бет ачарды Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачты. Ал куттуктоо сөзүндө авторлорго – жаш калемгерлерге чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы ачылыштарды каалады.

«Кыргызпатент түзүлгөн күндөн тартып чыгармачыл инсандардын, ойлоп табуучулардын, маданият жана искусство ишмерлеринин автордук укуктарын коргоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзүп келген жана уланта берет», — деди Р.Керимбаева.

Салтанаттуу аземде сынактын жеңүүчүлөрүнө Кыргызпатенттин колдоосу менен чыгарылган китептер, дипломдор тапшырылды. Иш-чара музыкалык мектептин окуучуларынын концерти менен коштолду. М.Күреңкеева.

Шилтеме:

2022-жылы Кыргыз Республикасынын авторлорунун улуттук сынагына катышуу үчүн 45 арыз түшкөн. Калыстар тобу мыкты эмгектерди баалап, 9 автордун китептерин проза, балдар адабияты, драматургия, илимий-популярдуу чыгармалар номинациялары боюнча чыгарышты.

«Проза» номинациясы

Мамбетов Кубанбек — “Кукурт болгон кундолук”;

Бейшеналиева Динара — «Бар».

Юсупов Догдурбек — «Алтын Көл».

«Популярдуу илимий эмгектер» номинациясы

Моңолдоров Шейшембек – “Кыргыздын улуттук оймосу – көчмөн дордун көрңгөсү”;

«Драматургия» номинациясы

Осмонов Жумабек — «Шабдалы гулу».

«Балдар адабияты» номинациясы

Бекбоева Айдай — «Роза гүлүн туулган күнү»;

Төлөкова Эльмира – «Жашынмак»;

Кадыров Ысмайыл — «Канаттуулар дүйнөсү».

Ахмедулин Нургазы — “Куунак көңүл көктөмдө”.

2022-жылдын 15-мартынан 31-июлуна чейин жарыяланган «7 жаш автор» адабий сынагына 25 арыз түшкөн. Сынактын жыйынтыгында жаш жана таланттуу авторлордун 7 китебин чыгаруу чечими кабыл алынды.

  1. Кулишева Ашира. «Шыбыргак. Жамгыр жуган тереса»;
  2. Босумбаева Чолпон. «Кармап алдым бир ууч жылдыз»;
  3. Абдрахманов Нурлан. «Уул»;
  4. Абдыкайымова Айдана. “Кагазда калган сезимдер”;
  5. Кеңеш кызы Айпери. «Беречен жашоом»
  6. Мирланова Айдана. “Күн желесинин өлкөөсү”;
  7. Урматбеков Чынасыл. “Өчпөстүн өмүр жарыгы”.

Эскерте кетсек, “7 жаш автор” республикалык адабий сынак Кыргызпатент тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.