Кыргызпатенттин расмий сайты
 
17-январь ойлоп табуучу балдарынын Эл аралык күнү.

17-январь ойлоп табуучу балдарынын Эл аралык күнү.

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР КҮНҮНӨ КАРАТА ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

resize-image-online.com_1705900136_1jpg_c8k6iScX
resize-image-online.com_2jpg_q3gAXrXB
resize-image-online.com_3jpg_7SpOPxXd
resize-image-online.com_4jpg_6BettkPZ
resize-image-online.com_5jpg_ZiXFEO2I
resize-image-online.com_6jpg_IB8dfllo
resize-image-online.com_7jpg_iaNXHwGy
resize-image-online.com_8jpg_4812eRB4
resize-image-online.com_9jpg_yzh9rngc
resize-image-online.com_10jpg_sFVVijDZ
resize-image-online.com_11jpg_sjJ69aND
resize-image-online.com_12jpg_gGRLoOVw
previous arrow
next arrow

Бул күн жаш генийлерди сыйлоо максатында гана белгиленбестен, балдарды курчап турган дүйнөгө кызыгып, жашоодогу көйгөйлөрдү чечүүдө чыгармачылык мамилени колдонууга үндөө максатында белгиленип келет.

Суу лыжаларын, мех наушниктерди, таякчадагы балмуздак жана Брайль шрифтин эмне бириктирерин билесизби? Ооба, бүгүнкү күндө бул ачык-айкын нерселердин баары балдар тарабынан ойлоп табылган.

Жыл сайын 500 миңден ашык балдар жана өспүрүмдөр ар кандай гаджеттерди жана оюндарды ойлоп табышат, роботторду жана жабдууларды жаратышат жана өзгөртүшөт. Балдардын бардык ойлоп табуулары, албетте, биздин жашообузду ыңгайлуу жана кызыктуу кылат. Ал эми бүгүн дал ушул күн, жаш генийлердин тапкычтыгына кубанып, алардын көп сандаган ойлоп табууларынын маанисин баалап, балдардын ар кыл таланттарына дем берүү керек.

Майрамдан Кыргызпатент да четте калган жок. Чүй облусунун ар кайсы райондорунан 140тан ашык бала чакырылып, аларга программа даярдалган.

Балдардын ойлоп табууларынын көргөзмөсү уюштурулуп, ага Аламүдүн балдар чыгармачылык борборунун, Кара-Балта шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүнүн жана Кыргызстандагы ЮНЕСКО клубунун балдары катышты. Балдарга чыгармачыл оюн-зооктор, ошондой эле викторина интеллектуалдык оюну тартууланды, анда эң активдүү балдарга китеп дүкөнүнөн сатып алуу үчүн белек сертификаттары берилди.

Иш-чаранын негизги бөлүгүнүн аягында катышуучулар үчүн 5 мастер-класстар уюштурулду:

— мини-роботту (robocar); түзүү жана программалоо аркылуу программалоонун жана робототехниканын негиздери;

— LEGO Mindstorms EV3 чогултуу;

— пескография (кум менен сүрөт тартуу) (тренери Солтобаева Дилбара Шадыбековна – «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Көркөм технология бөлүмүнүн башчысы жана көркөм сүрөт студиясынын жетекчиси;

— жасалма интеллект (тренер Акжолов Алтынбек Акжолович – «Студенттик стартап» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперттик комиссиясынын мүчөсү, «Сколково» Москва башкаруу мектебинин бүтүрүүчүсү, «Биринчи инженердик окуу жайынын» негиздөөчүсү жана директору

— астрономия (ProAstro илимий-зоок борборунда тренер).