Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ РАХАТ КЕРИМБАЕВА ҮРҮМЧҮДӨ, ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ РАХАТ КЕРИМБАЕВА ҮРҮМЧҮДӨ, ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

Бүгүн Кытайда Синьцзянь Уйгур Автономиялуу Районунун борбору Үрүмчү шаарында “Кытай — Борбор Азия” эл аралык интеллектуалдык менчик форуму өтүүдө. Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун колдоосу менен Кытай Эл Республикасынын Улуттук интеллектуалдык менчик башкармалыгы тарабынан уюштурулган. 

Форум 2023-жылдын 24-июлунан 26-июлуна чейин өткөрүлөт. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын интеллектуалдык менчик ведомстволорунун өкүлдөрү катышып жатат. Форумда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ошондой эле форумдун алкагында директор Р. Керимбаева башында турган Кыргызпатенттин делегациясы менен Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик улуттук башкармалыгынын Шэнь Чанъюй жетектеген делегациясынын ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки ведомствонун 2023-2024-жылдарга кызматташуу планынын долбоору талкууланды.

Пландын долбоорунда, төмөнкү маселелер камтылган: Кыргызстандын жети облусунун мектептеринде жана Бишкек-Ош шаарларында инновациялык класстарды түзүү. Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун жана Кытайдын жардамы менен Кыргызстандагы Жогорку окуу жайлардын базасында интеллектуалдык менчикти окутуу борборун түзүү, Кыргызпатенттин кызматкерлерин Кытайдагы инновациялык менчик кеңсесинде стажировкадан өткөрүү маселелери ж.б.

Өз кезегинде Кытай тарап жогорудагы иш-чараларды пландын долбооруна киргизүүгө кызыкдар экенин билдирди.