Кыргызпатенттин расмий сайты
 
2022-жылдын 4-ноябрында “40 район – 40 демилге” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 1-жыйыны болуп өттү (Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы токтому № 411) Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда өттү.

Комиссиянын жеке курамы министрликтердин, ведомстволордун, коомдук уюмдардын жана чарбалык бирикмелердин өкүлдөрүнөн 13 адамдан түзүлдү жана бекитилди.

Күн тартибине ылайык, жолугушуунун катышуучуларына “40 район – 40 демилге” долбоорунун алкагында тандоого катышуу үчүн келип түшкөн арыздар боюнча маалымат берилди.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева комиссия бүтүндөй коомго пайда алып келе турган эң мыкты инновациялык долбоорлорду тандап аларына ишенимин билдирди. Анын айтымында, келечекте эл аралык уюмдар да сынакка тандалып алынган же катышкан кыргызстандыктардын ичинен эң демилгелүү кыргыздарга жардам көрсөтүүгө даяр.

Отурумдун алкагында комиссия катчылыкка катышуучулар үчүн бизнес-пландоо, маркетинг көндүмдөрү жана питчинг боюнча акселерация программасынан өтүү үчүн долбоорлорду алдын ала тандоону баалоо формасын иштеп чыгуу чечимин кабыл алды.

Ошону менен бирге, Регламентке ылайык тандоонун жыйынтыгы боюнча Ведомстволор аралык комиссия тарабынан чечимдерди кабыл алуу үчүн инновациялык долбоорлорду баалоо көрсөткүчтөрү менен баалоо баракчасы бекитилди.