Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ “АДАМ ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ ЭСТУТУМДА” КИТЕБИНИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ “АДАМ ТҮБӨЛҮКТҮҮЛҮГҮ ЭСТУТУМДА” КИТЕБИНИН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

resize-image-online.com_2jpg_NXxUCHLx
resize-image-online.com_1jpg_ii8GYJ5n
resize-image-online.com_5jpg_hCJZZzmP
resize-image-online.com_3jpg_jvIPdPwd
resize-image-online.com_6jpg_6iwn44Rq
resize-image-online.com_7jpg_vBGmDZbw
resize-image-online.com_8jpg_XKyX0GO7
resize-image-online.com_9jpg_lLvZpBOm
previous arrow
next arrow

2024-жылдын 24-январында, Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун китепканасында, “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” деген аталышындагы китептин бет ачары болуп өттү. Роза Айтматова жана Асан Ахматовдун калемине таандык китеп Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарык көргөн.

Белгилей кетсек, Кыргызпатент “Манас” эпосунун үчилтигин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ч. Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөө жөнүндө тескемесин аткаруу максатында бир катар иш-чараларды өткөрүп келет.

Иш-чаралардын планына ылайык, бул китеп мамлекеттик жана расмий тилде 500 даанадан, жалпы нускасы 1000 даана чыгарылды. Китептин нускалары бүгүн авторлорго жана КР А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага, К. Баялинов атындагы Республикалык жаштар жана балдар китепканасына тапшырылды. Мындан тышкары, китептер жакында Кыргызпатент өткөрө турган Инновациялык форумдун алкагында республиканын ар бир айыл өкмөтүнө тапшырылаары айтылды.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, бул китепте буга чейин кенири окурмандар коомчулугуна белгисиз болгон, үй-бүлө мүчөлөрү гана билген маалыматтар, жазуучунун чыгармаларынын прототиптери жөнүндө, айрым чыгармалардын жазылыш тарыхы жөнүндө сөз болгон.

“Бул маалыматтар Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө жаңы маалыматтарды илимий жүгүртүүгө киргизүүгө, айтматов таанууну жайылтууга көмөктөшүп, Айтматовдун мурасын кеңири иликтөөгө шарттарды түзөт. Мындан тышкары, бул китеп кийинки муун өкүлдөрүн руханий жактан тарбиялоого кызмат кылат деп ишенем”,-деди өз сөзүндө Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева.