Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2024-жылдын 17-майында Генетикалык ресурстар жана аларга байланышкан салттуу билимдер боюнча өтүп жаткан дипломатиялык конференциянын алкагында Кыргызпатенттин Директору Р.Керимбаева, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы директору Дарен Танг жана Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУнун Кеңсеси жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу Өкүлү О.Султановдун ортосунда жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап 2007-жылы салттуу билимдер жөнүндө мыйзам кабыл алган дүйнөдөгү алгачкы өлкөлөрдүн бири болгонун белгиледи.

Эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалына кайрылып, тараптар 2024-жылдын апрелинде өткөн ИМБДУнун Башкы директорунун орун басары Марко Алемандын Кыргыз Республикасына иш-сапарына жана анын “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар өлкөнү өнүктүрүү үчүн: жаркын келечекке бирге” аталышындагы Улуттук форумга катышуусуна оң баа беришти.

Д.Тангга Кыргызпатенттин 2025-жылы Кыргызстанда салттуу билимдерге арналган эл аралык форум өткөрүү жөнүндөгү пландары кабарланып, бул иш-чара учурда өтүп жаткан Дипломатиялык конференциянын логикалык уландысы болоору белгиленди. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элчи О.Султанов Д.Тангдын эсине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун чакыруусун салып, аталган эл аралык форумга катышууга чакырды.

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмуна И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде (КМТУ) ИМБДУнун кафедрасын ачуу сунушталды. ИМБДУ бул идеяны колдоду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда Салттуу билимдер боюнча эл аралык форум өткөрүү, ИМБДУнун Башкы директору Д.Тангдын Кыргыз Республикасына иш-сапарын уюштуруу жана КМТУда ИМБДУнун кафедрасын ачуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну туура табышты.

…….