Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Искусство, кол өнөрчүлүк, кино, фото, дизайн, скульптура жана живопись тармактарына кызыккан тараптарды бизнес-пландоо, SMM, санариптик маркетинг, тармактык байланыш, финансылык менеджмент, баа түзүү, интеллектуалдык менчикти коргоо жана GALS боюнча тренингдерге чакырабыз.

Катышуу үчүн 2024-жылдын 10-июлуна чейин анкетаны (кыргызча:https://members.askallo.com/index.php?pn=Survey_Survey&oid=401fcd2c8f69113435c2f55aca87c03dже орусча: https://members.askallo.com/index.php?pn=Survey_Survey&oid=842b3e231771b76171991b4b9f0528b4 ) толтуруп, “жөнөтүү” баскычын басуу керек.

Тренингдин уюштуруучулары: Германия өкмөтүнүн жана Мамлекеттик агенттиктин тапшырмасы боюнча Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия Эл аралык Кызматташтык Коому) тарабынан ишке ашырылган «КУРАК - чыгармачыл индустрияда аялдарды жана кыздарды колдоо» кыргыз-герман долбоору. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент). 
Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларды жыйынтыктоочу фестиваль жана көргөзмө күтөт, анда өз иштерин сунуштап, идеялары тууралуу сүйлөшө алышат. 
Катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Бардык суроолор боюнча 0220 244 542 же 0550 266 911 номерлери аркылуу байланышыңыз.