Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүгүн, 2024-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева жана «ГикТек» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Данияр Джуманазаров өз ара кызматташуу меморандумдарына кол коюшту.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагынын катышуучулары үчүн электрондук аянтчада минимум жашоого жөндөмдүү продукт иштеп чыгуу, түзүү жана колдоо боюнча кызматташуу;

Маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө адистерди даярдоо, ишке орноштуруу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташуу багыттарында меморандумдарга кол коюлду.

Белгилей кетсек, Geeks эл аралык IT академиясы 2018-жылы Бишкекте Fullstack иштеп чыгуучусу Айдар Бакиров жана Android иштеп чыгуучусу Нургазы Сулайманов тарабынан негизделген. Ал технология боюнча тажрыйбасы жок болсо да, ар бир адамга кепилдик менен IT кесибин өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөгөн.

Учурда бул жерде 12 жаштан 45 жашка чейинки 1200дөн ашык студент программалоо, дизайн жана англис тили боюнча билим алууда. Билим берүү борборунун филиалдары Бишкек, Ош, Ташкент жана Кара-Балта сыяктуу шаарларда жайгашкан.