Кыргызпатенттин расмий сайты
 

‼️ 2024-жылдын 11-июлунда, Швейцариянын Женева шаарында Евразиялык патенттик

 уюмдун Административдик кеңешинин кырк төртүнчү (он төртүнчү кезексиз) отуруму болуп өттү.

Анын ишине Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева баш болгон Кыргызпатенттин делегациясы катышты. 

Отурумда төмөнкү маселелер боюнча тиешелүү чечимдер каралып, кабыл алынды: 

🔹 2023-жылга ЕАПУнун жылдык отчету;

🔹 Стажировка жана стипендиялык программалар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

🔹 Патенттик иш кагаздарын ыкчам жүргүзүү боюнча Евразиялык программа жана башкалар.