Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2024-жылдын 30-октябрында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Элизабет Зентос менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташуу маселелерин талкуулап, Кыргызпатент менен Америка Кошмо Штаттарынын Патент жана товардык белгилер боюнча ведомствосунун (USPTO) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аркылуу эки мекеме өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева Зентос айымды үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрына белгиленген «Илимде, инновацияда жана ишкердикте аялдар» форумуна катышууга чакырды.

Форумдун негизги максаттары — аялдардын илимий-изилдөө жана ишкердик активдүүлүгүн стимулдаштыруу, ошондой эле жеке сектордо илимий ишмердүүлүктүн натыйжаларын алдыга жылдыруу.