Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Казакстандын Астана шаарында ЕАЭБ алкагында “Коопсуздук мейкиндиги: ЕАЭБде контрафактсыз жана жасалмасыз келечек” деген аталыштагы 12-эл аралык антиконтрафакт форуму өтүп жатат. 
 
Иш-чарага Кыргызпатенттин директорунун орун басары Улан Исмаилбеков катышып жатат. 
 
Форумда Улан Исмаилбеков сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасында бул боюнча корүлүп жаткан аракеттерге токтолду: 
 
Маселелерди талкуулоого, ЕАЭБ жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга, ошондой эле продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө, анын ичинде интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо жаатында позитивдүү эл аралык тажрыйбаны киргизүүгө активдүү катышуубуз, интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө баа жеткис салым болот.
 
Ошондуктан, Кыргыз Республикасы контрафакттык товарлардын деңгээлин төмөндөтүүгө, инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүүгө жана таза атаандаштыкты колдоого кызыкдар.  Контрафакттык менен системалуу түрдө күрөшүү үчүн жаңы чечимдерди табабыз деп ишенем,-деп белгиледи Кыргызпатенттин директорунун орун басары Улан Исмаилбеков.