Бүгүн, 2025-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү Омурбеков Медербек Омурбекович жана Тороев Нурсултан Мамарасуловичтин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Коллегиясынын жыйыны болуп өттү.
Коллегиянын жыйынын Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачты. Коллегиянын жыйынында 7 маселе каралды, анын ичинде Кыргызпатенттин отчету жана ведомствого караштуу уюмдардын, ошондой эле түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 2024-жылы аткарылган иштери боюнча отчеттору дагы каралды.
Маалыматты угуп жана талкуулап, киргизилген сунуштарды эске алуу менен Коллегиянын күн тартибиндеги бардык маселелер кабыл алынды. Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын 2024-жылга ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматы эске алынды.