2022-жылдын 22-декабрында Кыргызпатент тарабынан Инновациялык борбордо адабий сынактардын жеңүүчүлөрүнүн 16 китебинин: Кыргыз Республикасынын авторлорунун улуттук конкурсунун 9 китебинин, ошондой эле «7 жаш автор» 7 адабий сынагынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, авторлордун чыгармачылыгын жайылтуу, жаш авторлордун мыкты чыгармачылыгына дем берүү жана колдоо болгон.
Иш-чарага Кадыракунов Керимбек — Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары; Пазылов Абибилла — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер; Бактыбек Максүтов — драматург-жазуучу; Сулайман Рысбаев — Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор; Карбалас Бакиров — Кыргыз Республикасынын Эл акыны; Назим Мендебаиров – КР эмгек сиңирген артисти, Гүлзада Станалиева – филология илимдеринин кандидаты, ошондой эле башка маданият жана искусство ишмерлери.
Бет ачарды Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачты. Ал куттуктоо сөзүндө авторлорго – жаш калемгерлерге чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы ачылыштарды каалады.
«Кыргызпатент түзүлгөн күндөн тартып чыгармачыл инсандардын, ойлоп табуучулардын, маданият жана искусство ишмерлеринин автордук укуктарын коргоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзүп келген жана уланта берет», — деди Р.Керимбаева.
Салтанаттуу аземде сынактын жеңүүчүлөрүнө Кыргызпатенттин колдоосу менен чыгарылган китептер, дипломдор тапшырылды. Иш-чара музыкалык мектептин окуучуларынын концерти менен коштолду. М.Күреңкеева.
Шилтеме:
2022-жылы Кыргыз Республикасынын авторлорунун улуттук сынагына катышуу үчүн 45 арыз түшкөн. Калыстар тобу мыкты эмгектерди баалап, 9 автордун китептерин проза, балдар адабияты, драматургия, илимий-популярдуу чыгармалар номинациялары боюнча чыгарышты.
«Проза» номинациясы
Мамбетов Кубанбек — “Кукурт болгон кундолук”;
Бейшеналиева Динара — «Бар».
Юсупов Догдурбек — «Алтын Көл».
«Популярдуу илимий эмгектер» номинациясы
Моңолдоров Шейшембек – “Кыргыздын улуттук оймосу – көчмөн дордун көрңгөсү”;
«Драматургия» номинациясы
Осмонов Жумабек — «Шабдалы гулу».
«Балдар адабияты» номинациясы
Бекбоева Айдай — «Роза гүлүн туулган күнү»;
Төлөкова Эльмира – «Жашынмак»;
Кадыров Ысмайыл — «Канаттуулар дүйнөсү».
Ахмедулин Нургазы — “Куунак көңүл көктөмдө”.
2022-жылдын 15-мартынан 31-июлуна чейин жарыяланган «7 жаш автор» адабий сынагына 25 арыз түшкөн. Сынактын жыйынтыгында жаш жана таланттуу авторлордун 7 китебин чыгаруу чечими кабыл алынды.
- Кулишева Ашира. «Шыбыргак. Жамгыр жуган тереса»;
- Босумбаева Чолпон. «Кармап алдым бир ууч жылдыз»;
- Абдрахманов Нурлан. «Уул»;
- Абдыкайымова Айдана. “Кагазда калган сезимдер”;
- Кеңеш кызы Айпери. «Беречен жашоом»
- Мирланова Айдана. “Күн желесинин өлкөөсү”;
- Урматбеков Чынасыл. “Өчпөстүн өмүр жарыгы”.
Эскерте кетсек, “7 жаш автор” республикалык адабий сынак Кыргызпатент тарабынан 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.