Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2023-жылдын 6-мартында Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Жаштар кубогуна чейинки инкубация программасынын расмий эмес ачылышы болуп өттү.

Жаштар кубогуна чейинки инкубация программасы 20-мартта башталып, 10-майда аяктайт. 8 жумадан кийин бул долбоордун уюштуруучулары нөлдөн баштап стартапты ишке киргизүүгө жана сатууга жардам берет. Программа 29 жашка чейинки, анын ичинде идеялары, прототиптери бар умтулган ишкерлерге, стартаптарга арналган (биринчи сатыкка коюлган продукцияга уруксат берилет).

Долбоордун катышуучулары жеке өнүгүү планын, насаатчылыкты алышат жана бизнести өнүктүрүүнүн негиздерин үйрөнүшөт.
Белгилей кетсек, бул долбоор инклюзивдик экономиканын өсүшүнө, коомдук биримдикти өнүктүрүүгө жана чыңдоого, өлкөдөгү стабилдүүлүк жана бакубаттуулук үчүн багытталган.

Жаштар кубогуна чейинки инкубациялык программа Кыргызпатент, Accelerate Prosperity (AP), Ага Хан өнүктүрүү тармагынын агенттиктери, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фондунун (AKF) колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ачылышка бизнес-инкубаторлордун студенттери жана кураторлору, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Эки айлык программанын жыйынтыгы боюнча 10 миң долларга чейин инвестиция алууга болот.

Окутуу акысыз жана онлайн режиминде өтөт.

Кошумча маалыматты 0550 77 80 10, 0555 19 19 57 номурларынан алса болот.