Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүгүн, 2024-жылдын 28-июнунда Кыргызпатент жана СПЕКА биргелешип өткөргөн субрегионалдык семинардын сессиялары жыйынтыкталды.  

Субрегионалдык семинардын катышуучулары 3 жумушчу топтон турган тайпаларга бөлүнүп, сунуштарды иштеп чыгышты. 

Тайпаларга Орто жана чакан бизнес өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, жана эксперттерден турган адистер өз-өзүнчө топ катары бөлүнүп, кызыктуу талкуу менен коштолду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева төмөнкүлөргө токтолду: 

Ушул күндөрү биз баалуу билимдерибиз жана тажрыйбаларыбыз менен бөлүштүк, биздин экономикаларыбызды санариптештирүү жаатындагы, өзгөчө чакан жана орто ишканалардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, мындан аркы кадамдарды жасоо үчүн артыкчылыктарды аныктап, стратегияларды иштеп чыктык.

Кызматташуу менен тажрыйба алмашуу ишкерликти өнүктүрүү үчүн биздин санариптик стратегияларыбызды бекемдөөдө жана жагымдуу чөйрө түзүүдө негизги ролду ойной алышы мүмкүн экендигин семинар көрсөттү. 

Бул механизм биздин катышуучу-өлкөлөрдө инновацияларды жана технологияларды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн ажыратылгыс платформа болуп калды. 

Биздин талкуулоолорубуз жана тыянактарыбыз жакынкы жылдары конкреттүү иш-чараларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга негиз болмокчу,-деди Рахат Керимбаева өз сөзүндө. 

Субрегионалдык семинардын жыйынтыгы менен 22 пункттан турган резолюция кабыл алынды. 

Анын эң маанилүүлөрүнүн бири – СПЕКА өлкөлөрүнө санариптик трансформация жана электрондук туруктуулукка байланыштуу маселелерди талдоо үчүн маалымат базаларын бекемдөө сунушталды. 

Ошондой эле деңизге байланышы жок, жаңыдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттер үчүн жеткиликтүүлүк куралдарын биргелешип жайгаштыруу аркылуу каржылоону жакшыртуу сунушу жактырылды. 

Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан тарабынан инновациялык туруктуу өнүгүү үчүн пикирлерди даярдоо үчүн суроо талаптарын жумушчу топ колдоого алды. БУУ Евразиялык Экономикалык Комиссиянын катчылыгын бул суроо-талаптарды даярдоого бюджеттен тышкары каржылоонун башка жолдорун изилдөөгө үндөдү. 

Иш-чаранын соңунда, жумушчу топ, СПЕКАнын жумушчу тобунун бешинчи сессиясында төрагалык кылуу милдеттерин натыйжалуу аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, анын ичинен Кыргызпатентке, Санариптик өнүктүрүү министрлигине ыраазычылык билдирди.