Кыргызпатенттин расмий сайты
 

29-декабрда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда белгилүү кинорежиссер Тимур Бекмамбетовдун жаңы эл аралык долбоору – “Хожа Насреддин” анимациялык тасмасынын бет ачары болуп өттү. Фильмди тартуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн студияларынын биргелешкен өндүрүшү болмокчу. Ошол эле учурда долбоордун жаратуучулары анимациялык кадрларды даярдоо үчүн Анимация мектебин ачууну көздөп жатышат.
Жыйынды КР Кинематография департаменти, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” УК, КР Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги жана Базелевдер уюштурушту.
Бет ачарды Базелевдердин продюсери Игорь Хомский өткөрөт. Жолугушуу аниматорлордун жана Кыргызстандагы анимациялык киностудиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.
Базелевдердин маалыматына караганда, учурда Хожа Насреддин жана Анимация мектеби тууралуу анимациялык фильмдин долбооруна Түркия, Өзбекстан, Азербайжан жана Татарстан сыяктуу мамлекеттер катышууда жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин да кошулуусу пландалууда. Бул долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү маданият тармагындагы интеграциялык процесстерге салым кошуп, бул өлкөлөрдүн тарыхый жана маданий мурастарын эл аралык деңгээлде жайылтууга тийиш.