Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2024-жылдын 4-октябрында Астана шаарында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Глобалдык инновация индекси — 2024 отчетун жарыялоо боюнча Борбор Азиядагы биринчи аймактык иш-чарага катышты.

Бул иш-чара Борбор Азия үчүн маанилүү болуп, Азия өлкөлөрүнүн инновациялык өнүгүүсүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду.

Иш-чараны Казакстан Республикасынын Юстиция министрлиги Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (ИМБДУ) менен биргеликте Евразия патенттик уюмунун колдоосу менен уюштурган.

Ошондой эле иш-чарада Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева «Жаңы санариптик доорду түзүү жана илимий инновациялар: бизнес жана саясий мамилелер» деген темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын бул багыттагы иштерин белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар инновацияларды өнүктүрүү жана региондогу өлкөлөрдүн экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.