Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары И.Ж. Мойдинов ИМБДУнун патенттик укук боюнча туруктуу комиссиясынын 36-сессиясына катышууда

2024-жылдын 14-октябрынан 18-октябрына чейин Швейцариянын Женева шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун (ИМБДУ) штаб-квартирасында Патент укугу боюнча туруктуу комиссиянын 36-сессиясы өтүүдө.

Кыргыз делегациясынан Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Мойдинов Исламбек Жанышович катышып, күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча баяндама жасады.

36-сессияда төмөнкүдөй маселелер каралат: патенттик укуктардын өзгөчөлүктөрү жана чектөөлөр, патенттердин сапаты, ошондой эле жасалма интеллект жана аны ойлоп табууларда колдонуу менен байланышкан маселелер.