Кыргызпатенттин расмий сайты
 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «АДМИНИСТРАТИВДИК ЖООПКЕРЧИЛИК ЖӨНҮНДӨ» КОДЕКСИ

АДМИНИСТРАТИВДИК ЖООПКЕРЧИЛИК КОДЕКСИ

305-  статья

Аудио, аудиовизуалдык продукцияны, электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалымат базаларын соодалоонун эрежелерин бузуу —

жарандарга — отуздан элүүгө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Көрсөтүүнүн белгиленген убактысын жана көрүүчүлөрдүн категориясын сактабоо менен мүнөздөлгөн аудиовизуалдык продукцияны эл алдында көрсөтүү эрежелерин бузуу, —

жарандарга — отуздан элүүгө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар, администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

чыгармалардын же фонограммалардын жасалма нускаларын конфискациялоо менен жарандарга — элүүдөн жүзгө чейин, кызмат адамдарына — бир жүз элүүдөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-глава

каршы административдик укук бузуулар

интеллектуалдык менчик боюнча

339-статья.  Патент ээсинин өзгөчө укуктарын бузуу

Патенттелген ойлоп табууларды, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн, селекциялык жетишкендикти мыйзамсыз пайдалануу, алар жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн, селекциялык жетишкендиктин маңызын автордун же өтүнмө ээсинин макулдугусуз ачуу, —

патенттелген ойлоп табууларды, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн камтыган продукцияны, корголгон ыкма менен даярдалган продукцияны конфискациялоо менен жарандарга — отуздан элүүгө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. эксплуатациялоодо же эксплуатациялоодо автоматтык түрдө корголгон ыкма менен ишке ашырылуучу түзүлүш, ошондой эле жасалма селекциялык жетишкендик.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар, администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн камтыган продукцияны, корголгон ыкма менен даярдалган продукцияны конфискациялоо менен жарандарга — элүүдөн жүзгө чейин, кызмат адамдарына — жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. , иштеши же иштеши учурунда автоматтык түрдө корголгон ыкма ишке ашырылган түзүлүш, ошондой эле жасалма селекциялык жетишкендик.

Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүнө ылайык конфискацияланган продукциялар, приборлор жана контрафакттык селекциялык жетишкендиктер, патент ээсинин өтүнүчү боюнча аларды өткөрүп берген учурларды кошпогондо, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынат.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

340-статья.  Автордук жана чектеш укуктарды бузуу

Чыгармалардын же фонограммалардын нускаларын коммерциялык максаттарда даярдоо, сатып алуу, сактоо, сатуу, ижарага берүү же башка мыйзамсыз пайдалануу төмөнкү учурларда:

1) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускалары жасалма болсо;

2) эгерде чыгармалардын же фонограммалардын нускаларында аларды чыгаруучулар жана чыгарылган жер жөнүндө жалган маалыматтар, ошондой эле керектөөчүлөрдү адаштырышы мүмкүн болгон башка маалыматтар камтылса;

чыгармалардын же фонограммалардын жасалма нускаларын конфискациялоо менен жарандарга — отуздан элүүгө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында каралган ошол эле жосундар администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

чыгармалардын же фонограммалардын жасалма нускаларын конфискациялоо менен жарандарга — элүүдөн жүзгө чейин, кызмат адамдарына — жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүнө ылайык конфискацияланган чыгармалардын же фонограммалардын нускалары, автордук укуктун же чектеш укуктардын ээсинин өтүнүчү боюнча аларды өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынат.

(КР 2008-жылдын 20-ноябрындагы N 239, 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

341-статья.  Товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу

Башка бирөөнүн товардык белгисин, тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын жана фирмалык аталышты мыйзамсыз пайдалануу —

жасалмаланган товардык белги, тейлөө белгиси же чыгарылган жердин аталышы бар товарларды конфискациялоо менен жарандарга — элүүдөн жүзгө чейин, кызмат адамдарына — жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасында катталбаган товардын товардык белгисине, тейлөө белгисине жана чыгарылган жерине карата эскертүүчү белгини мыйзамсыз пайдалануу —

жарандарга — элүүдөн сексенге, кызмат адамдарына — сексенден жүз элүүгө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Эскертүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык конфискацияланган товарлар, аларды товардык белгинин ээсинин өтүнүчү боюнча ага өткөрүп берген учурларды кошпогондо, мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынат.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

342-  статья

Ыйгарым укуктуу органга кирешелер жөнүндө зарыл маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, ага тете автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдаланууга байланыштуу алынган кирешелер жөнүндө жалган маалыматтарды берүү, —

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан кыркка чейин, кызмат адамдарына — кырктан сексенге чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар, администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга — кырктан сексенге, кызмат адамдарына — сексенден жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

343-  статья

Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучулардын автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануунун тиешелүү ыкмаларына лицензиялык келишимдерди каттоо жана ыйгарым укуктуу органда тийиштүү формадагы күбөлүк алуу боюнча мыйзамдарда каралган милдеттерин аткарбагандыгы. белгиленген тартипте —

жарандарга — жыйырмадан кыркка чейин, кызмат адамдарына — кырктан сексенге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар, администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга — кырктан сексенге, кызмат адамдарына — сексенден жүз элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 344- статья

Концерттик жана театралдык-зоок жайларынын менчик ээлеринин чыгармачыл жамааттар жана концерттерди уюштуруучулары менен келишимдерди түзүүдө белгиленген талапты бузуу же аткарбоо, эгерде аларда ыйгарым укуктуу органда катталган лицензиялык келишимдер болсо, —

жарандарга — жыйырмадан кыркка чейин, кызмат адамдарына — кырктан сексенге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундар, администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, —

жарандарга — кырктан сексенге, кызмат адамдарына — элүүдөн жүз элүүгө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

345-статья.  Автордун автордук сый акыны алууга укуктарын бузуу

Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучунун чыгарманы ачыкка чыгаруунун иш жүзүндө жүргүзүлүп жаткандыгы үчүн автордук сый акынын суммасын төлөөдөн баш тартуусу же автордук сый акынын мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн бузуу, —

жарандарга — отуздан элүүгө, кызмат адамдарына — элүүдөн жүз элүүгө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

(КР 2013-жылдын 24-июнундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)