Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | КР ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «ИНТЕЛЛЕКТҮҮЛҮК менчик объектилерин камтыган товарларга карата бажылык контролдун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЧЕЧИМИ

Бишкек шаары, Өкмөт үйү, 2000-жылдын 27-ноябры N 694

Интеллектуалдык менчиктин объекттерин камтыган товарларга карата бажы контролун жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы No 794, 2015-жылдын 23-апрелиндеги No 254 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Интеллектуалдык менчиктин объекттерин камтыган товарларга карата бажы контролун жүргүзүүнүн тартибин аныктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чечет:

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги No 254 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Интеллектуалдык менчиктин объектилерин камтыган товарларга карата бажы контролун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги No 254 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев