Кыргызпатенттин расмий сайты
 

«Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлардын келип чыгышынын аталыштарын жана фирмалык аталыштарды интернетте дарек катары колдонуунун ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ» КР ӨКМӨТҮНҮН ЧЕЧИМИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЧЕЧИМИ

Бишкек, Өкмөт үйү,

2007-жылдын 31-январындагы N 26

Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлардын чыгарылган жерлеринин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды Интернетте дарек катары пайдалануунун тартиби жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги No 200, 2017-жылдын 20-январындагы No 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200 токтому менен бул токтомдун мамлекеттик тилдеги текстине өзгөртүүлөр киргизилди

«Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлардын чыгарылган жерлеринин аталыштарын колдонууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салуу максатында интернет-ресурсундагы дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы No 37 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Тиркелген Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлардын чыгарылган жерлеринин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды Интернетте дарек катары пайдалануунун тартиби бекитилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

«Эркинтоо» газетасынын 2007-жылдын 15-февралындагы N 3 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары» тиркемесинде жарыяланды.