Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Ваканcия (кадрлар резервине кирүү)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги борбордук аппаратынын улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

1) Билүүсү зарыл:

Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык  кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  4. Кыргыз  Республикасынын   Мыйзамы   «Кыргыз   Республикасынын   ченемдик   укуктук   актылары жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  • Билүүсү зарыл:

Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Мамлекеттик жарандык  кызмат  жана  муниципалдык  кызмат  жөнүндө»  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы.
  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
  • Компьютердик сабаттуулук  жана  керектүү  программалык  продуктыларды  билүү  (Word,  Excel,

«TOKTOM Mamleket Pro» маалыматтык-укуктук системасы).

УЛУК АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН ТОПТОРУ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

  • Инновациялык ишмээрдүүлүк чөйрөсүндөгү багытта:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу тармагында бардык багыт боюнча жогорку билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же  муниципалдык  кызмат стажы, же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • «Инновациялык иш жөнүндө», «Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө», «Патент мыйзамы», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
  • Юриспруденция багыты боюнча:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • юриспруденция багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатындагы жогорку билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же  муниципалдык  кызмат стажы, же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;
  • » Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө», «Патенттик мыйзам», «Электрондук эсептөө машиналары жана маалыматтар базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө», «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө», «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө», «Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө», «Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө» жана «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2021-жылдын  28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти.
  • Интеллектуалдык менчик объектилерин экспертизалоо тармагында:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • бардык багыттар  боюнча  техникалык  илимдер,  табигый  илимдер  боюнча  же  саламаттыкты  сактоо боюнча жогорку билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же  муниципалдык  кызмат стажы, же  тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • «Патент мыйзамы», «Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө», «Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө», «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө», «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын катышуусу менен эл аралык нормалар жана макулдашуулар:
  • Өнөр жай  менчигин  коргоо  боюнча  1883-жылы  түзүлгөн,  1967-  жылы  кайра  каралган,1979-жылы толуктоолор киргизилген Париж конвенциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Декларациясы менен Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган 1891-жылы түзүлгөн, 1967-жылы кайра каралган, 1979- жылы толукталган белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу.
  • Эсептөө техникасы жана маалымат технологиялары тармагында:
  1. Кесиптик билиминин деңгээли:
  • эсептөө техникасы  жана  маалыматтык  технологиялар,  электроника,  радиотехника  жана  байланыш жаатында жогорку билими.
  1. Иштеген жылдары жана иш тажрыйбасы:

— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген жылдарынын жыйындысы 1 жылдан кем эмес же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү иштеген жылдары 3 жылдан кем эмес.

  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:

— «Электрондук кол коюу жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө», «Жеке маалымат жөнүндө», «Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.

АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНЫН КЕНЖЕ ТОБУНА КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

  • Инновациялык ишмердүүлүк багыты боюнча тармакта:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • гуманитардык илимдер же экономика жана башкаруу боюнча жогорку билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:

—  «Патент  мыйзамы»,  «Автордук  укук  жана  чектеш  укуктар  жөнүндө»,  «Инновациялык  иш  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.

  • Автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү багыт боюнча:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:

«Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы № 488 токтому менен бекитилген “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сыйакынын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө” жобосун.
  • Интеллектуалдык менчик объектилерин экспертизалоо тармагында:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • бардык багыттар боюнча техникалык илимдер, экономика жана башкаруу, гуманитардык же табигый илимдер боюнча жогорку билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • «Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын катышуусу менен эл аралык нормалар жана макулдашуулар:
  • Өнөр жай менчигин  коргоо  боюнча  1883-жылы  түзүлгөн,  1967-  жылы  кайра  каралган,1979-жылы толуктоолор киргизилген Париж конвенциясы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 6-январындагы № 20-16 Декларациясы менен Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган 1891-жылы түзүлгөн, 1967-жылы кайра каралган, 1979- жылы толукталган белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу.
  • Расмий басылмаларды даярдоо тармагындагы багыт боюнча:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • ар кандай профилдеги жогорку кесиптик билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • «Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  тили  жөнүндө»,  «Кыргыз  Республикасынын  расмий  тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын.
  • Адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздары тармагындагы багыт боюнча:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • юриспруденция, саясат таануу же экономика жана башкаруу багыттары боюнча гуманитардык илимдер боюнча жогорку билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы № 462 токтому менен бекитилген “Эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартибин”;
  • Жоболорду:
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат стажын эсептөөнүн тартиби жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”.
  • Юриспруденция багыты боюнча:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • юриспруденция багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатындагы жогорку билим.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин;
  • «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө», «Патент мыйзамы», Электрондук эсептөө машиналары жана маалыматтар базалары үчүн программаларды укуктук коргоо жөнүндө», «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө», «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө»;
  • Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2021-жылдын  28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентин.
  • Экономика жана башкаруу багытында:
  1. Кесиптик билим деңгээли:
  • экономика жана башкаруу тармагындагы бардык багыттар боюнча жогорку билими.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексин.
  • «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын.
  • Эсептөөчү  технологиялар   жана   маалыматтык   технологиялар   жаатындагы   тармактык багытта:
  1. Кесиптик билиминин деңгээли:
  • компьютердик технологиялар  жана  маалыматтык  технологиялар,  электроника,  радиотехника  жана байланыш тармагында жогорку билими.
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • эмгек стажына талап коюлбайт.
  1. Кесиптик компетенциялар: Билүүсү зарыл:
  • «Электрондук кол коюу жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө»; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:

  • арыз;
  • автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • резюме (сүрөтү жана электрондук дареги менен);
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • эмгек китепчесинин   көчүрмөсү  (иш  стажы  бар  болсо  нотариустан  же  акыркы  иштеген  жеринде күбөлөндүрүлгөн);
  • илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жөнүндө (бар болсо) документтердин көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт). Конкурска катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.

Конкурска катышуу  үчүн документтер 2023-жылдын  23-январынан тартып 6-февралында саат 18.00го чейин Московская көчөсү, 62, каб.№ 405 дареги боюнча кабыл алынат.

Сурап билүү телефону: 68-18-37.

ЭСКЕРТҮҮ:   Белгиленген   талаптарга   жооп   бербеген   документтерди   жана   маалыматтарды көрс