

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы директору Дарен Танг менен КР Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Бул, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө мамлекеттердин 64-Башкы Ассамблеясынын алкагында ишке ашты.
8-июлда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен Дарен Тангдын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Анда тараптар, чакан жана орто бизнести колдоо, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында билим алууга көмөктөшүү тууралуу макулдашышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.