Кыргызпатенттин расмий сайты
 
“БИР АЙЫЛ — БИР ПРОДУКТ” БИЛИМ КЕРБЕНИ 

“БИР АЙЫЛ — БИР ПРОДУКТ” БИЛИМ КЕРБЕНИ 

2024-жылдын 10-июнунда Кыргызпатенттин Борбордук аппараты Кыргызпатенттин алдындагы Түштүк региондор аралык департаменти менен биргеликте Баткен облусунун Баткен шаарында эки окуу семинарын ийгиликтүү өткөрдү. 

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы № 29 «Бир айыл – бир продукт” улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» Жарлыгына ылайык географиялык көрсөткүч катары каттала турган аймактык бренддерди түзүүнү алга жылдыруу жана колдоо максатында уюштурулду.

Бул аспект 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасында белгиленген. 

Программада каралган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 2024-жылдын 23-апрелинде өлкөнүн бардык облустарында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдашууларга кол коюлган. Бул макулдашуулар аймактарда интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын түзүүгө багытталган.

Иш-чарага айыл өкмөттөрдүн жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Баткен мамлекеттик университети, Кызылкыя гуманитардык-педагогикалык институту, Сүлүктү гуманитардык экономикалык институту жана башка окуу жайлардын жетекчилери жана окутуучулары катышты. 

 “Бир айыл – бир продукт” стратегиясынын алкагында аймактык бренддерди калыптандырууга жана географиялык көрсөткүчтөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү ушул сыяктуу иш-чаралар ушул жуманын аягына чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында да пландаштырылган.