Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ КЫТАЙДЫН ПЕКИН ШААРЫНДА КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ КЫТАЙДЫН ПЕКИН ШААРЫНДА КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА

Бүгүн, 2024-жылдын 12-сентябрында Пекинде “Бир алкак, бир жол” интеллектуалдык менчик боюнча үчүнчү жогорку деңгээлдеги конференция  (BRIPCON) болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызпатенттин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна катышып, “Интеллектуалдык менчик: продукциянын наркын жогорулатуу жана финансылык механизмдер аркылуу инновацияларды жана чыгармачылыкты стимулдаштыруу” деген темада баяндама жасады.