Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Исмаилбеков Өзбестандын Ташкент шаарында 17-19-сентябрында өтүп жаткан Евразия Фармацевтикалык Саммитине катышты.

Аталган саммитке офлайн жана онлайн 400-гө жакын фармацевтика компанияларынын өкүлдөрү анын ичинде өндүрүш компаниялары, дистрибьюторлор жана дарыкана тармактары катышууда. 

Иш-чарада Борбордук Азия, Кавказ жана Чыгыш Европанын фармацевтикалык рынокторун өнүктүрүү тенденциялары, ошондой эле Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова жана Беларусь өлкөлөрүндөгү жөнгө салуучу мамлекеттик мекемелери тарабынан, стратегиялар, дары-дармектерди каттоо, мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртуу жолдору, коммерциялык сегменттеги өзгөрүүлөр жана башка актуалдуу темалар талкууланууда. 

Программада “Интеллектуалдык менчик инвестицияларды тартуу фактору катары”, “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча эл аралык жана улуттук коргоо практикасын колдонуу” темалары боюнча маселелер козголду. Мындан тышкары, “Интеллектуалдык менчикти инвестицияларды тартуунун фактору катары кароо”, “Интеллектуалдык менчик жана инновацияларды эл аралык жана улуттук коргоо практикасын колдонуу” сыяктуу маселелер каралууда.