Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ РАХАТ КЕРИМБАЕВА ЭР-РИЯДДА ДИПЛОМАТИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА 

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ РАХАТ КЕРИМБАЕВА ЭР-РИЯДДА ДИПЛОМАТИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУДА 

Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында Үлгүлөр боюнча мыйзам келишимин түзүү жана кабыл алуу боюнча Дипломатиялык конференция өз ишин баштады. Иш-чарага Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы катышууда.

Конференциянын ачылышында Рахат Керимбаева айым Сауд Патенттик ведомствосунун Аткаруучу директору доктор Абдулазиз Аль-Свайлемди конференциянын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, меймандостугу жана жогорку уюштуруучулук деңгээли үчүн ыраазычылык билдирди.

Рахат Керимбаева Келишим түзүү — эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, инновацияарды колдоо жана глобалдык деңгээлде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуучу интеллектуалдык менчиктин инклюзивдик жана натыйжалуу системасын түзүүгө карай маанилүү кадам болуп калаарын баса белгиледи.
 
Сөзүн жыйынтыктап жатып, ал бардык катышуучуларга жемиштүү иш жана ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү каалады.
……….