Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Эр-Рияд шаарында Үлгүлөр жөнүндө мыйзам боюнча келишимди түзүү жаатындагы Дипломатиялык конференцияга катышып жатат.
Иш-чаранын алкагында Үлгүлөр жөнүндө мыйзам боюнча келишимдин долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.
Тактап айтканда, ал Кыргыз Республикасы Келишим долбоорунун 12 жана 13-беренелеринде ийкемдүүлүктөрдү колдой турганын белгиледи.
Ошондой эле 22-беренеге ылайык, Кыргыз Республикасы Келишимдин текстине техникалык көмөк көрсөтүү пунктун киргизүү боюнча сунушту колдой тургандыгы айтылды.
Андан тышкары, ал жардам катышуучу өлкөлөрдүн муктаждыктарына ылайыкташтырылып, укуктук системанын узак мөөнөттүү өнүгүүсүн камсыз кылуусу керектиги белгиленди.