Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТ КОНЦЕРТ УЮШТУРУУЧУЛАРДЫ АВТОРЛОРДУН ЭМГЕГИН СЫЙЛООГО ЧАКЫРДЫ

КЫРГЫЗПАТЕНТ КОНЦЕРТ УЮШТУРУУЧУЛАРДЫ АВТОРЛОРДУН ЭМГЕГИН СЫЙЛООГО ЧАКЫРДЫ

Концерт уюштуруу алдында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен уруксат алуу керек. Министрлик өтө турган иш-чаранын мазмуну менен таанышып, улуттук баалуулуктарга, каада-салттарыбызга туура келеби,-баарын текшерип туруп чечим чыгарат. Бул маалыматтар бүгүн, 2024-жылдын 15-майында “Автордук жана чектеш укуктар: концерттик ишмердүүлүктү укуктук жөнгө салуу” деген аталыштагы семинардын жүрүшүндө айтылды. Семинарга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен, коомдук тамактануу жайларынан, чыгармачыл чөйрөдөн жана ишкерлерден өкүлдөр чакырылган.  Иш-чараны расмий ачып берүү үчүн сөз Кыргызпатенттин директорунун орун басары Улан Исмаилбековго берилди.

“Санариптештирүү, ааламдашуу күч алып турган кезде, автордук укуктарды замандын агымына жараша коргоп берүүгө болгон талап күч алууда. Андыктан бүгүн ийри отуруп түз кеңешип, баарлашуу, сиздерди бул багыттагы кеңири маалымат менен камсыз кылуу жана суроолорго жооп берүү максатында ишкерлердин жана чыгармачыл инсандардын башын бириктирип отурабыз. Мындан ары да сиздер менен тыгыз кызматташууга даярбыз”,-деди Улан Исмаилбеков өз сөзүндө.

Автордук жана интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды коргоо, бул багыттагы Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү боюнча Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектирлөө бөлүмүнүн улук инспектору Айдай Акылова өз презентациясында кеңири маалымат берди. Ал эми Интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов автордук укуктарды коргоонун юридикалык жагына токтолду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Акжол Доранбек уулу – семинардын катышуучуларына автордук укук жана интеллектуалдык менчикке болгон укукту коргоо боюнча министрликте жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Анын айтымында, концертти уюштуруучулар ижара акысынан тышкары, авторлордун гонорарларын төлөө жагын да эстен чыгарбоого тийиш. Андан түшкөн каражаттын 100 пайызы авторлорго жана чыгармачыл инсандарга төлөнөт.

Бул багытта көйгөйлөр да жок эмес. Айрым кафе-ресторан ээлери Кыргызпатент менен лицензиялык келишим тузүүдөн жана авторлордун сый акыларын төлөп берүүдөн баш тартып келишет. Иш-чарада аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.