Бишкекте 2024-жылдын 29-30-ноябрында “Аялдар ойлоп табуучулукта, илимде, креативдүү индустрияда жана ишкерликте” аталышындагы айымдар форуму өтүп жатат.
Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Евразия Патенттин Уюмунун жетекчиси Григорий Ивлиев чакырылган. Григорий Петрович сөз сүйлөп, Кыргызпатент уюштурган иш-чара мыкты деңгээлде болгонун, келе жатканда эле кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн жарманкеси жагымдуу маанай тартуулаганын өзгөчө белгилеп өттү.
Форумдун негизги каармандары — 500дөн ашуун жашоодо жана бизнесте активдүү позициясы бар, ар кыл тармактарда ишкер же кызматкер катары өзүн көрсөтө алган ийгиликтүү ишкер айымдар да иш-чаранын негизги меймандары.
Форумдун алкагында “Дүйнө аялзатынын көзү менен” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жана кыргыз айым-өндүрүшчүлөрү өндүргөн продукциялардын жарманкеси уюштурулду. Ошондой эле, жеңил өнөр жай ишканаларынан чыккан кийимдердин мода коллекциясы көргөзүлүп, келгендердин көңүлүн бурдурду.
Форумдун негизги максаты – аялзатынын илимий жетишкендиктерин, коомдун өнүгүшүнө айымдардын кошкон салымын даңазалоо жана кеңири жайылтуу, тажрыйба алмашуу аркылуу алардын кесипкөйлүгүн арттыруу, өз ара кызматташууну өнүктүрүү.
Форумду уюштуруучулардын айтымында, аялдар форуму коомдогу аялдардын ролун талкуулоо аянтчасы катары алардын башын бириктирип, шыктандырып, коомдук активдүү жана ишкер айымдардын эмгегин даңазалоого салым кошмокчу.
Иш-чаранын алкагында эки пленардык жыйын уюштурулган. Алардын биринде “Аялдар агроөнөр жай тармагында. Келечекке көз караш” темасы талкууланса, экинчи жыйында “40 райондон 40 демилге” сынагынын лауреаттары талкууга катышты.