Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ ТАШКЕНТТЕ

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ ТАШКЕНТТЕ

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов башында турган делегация Ташкентке болгон жумушчу сапарынын алкагында «ИННО» Ташкент инновациялык-билим берүү технологиялар паркынын иши менен таанышты. 

Ошондой эле жолугушуунун алкагында Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун эксперттери технологияларды тапшыруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана аймактагы технопарктарды өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты.