Кыргызпатенттин расмий сайты
 
“Стартап улуту” хакатонунан “Ameeyda!” командасы 1-орунга ээ болду! 

“Стартап улуту” хакатонунан “Ameeyda!” командасы 1-орунга ээ болду! 

Калыстар тобун — команданын аталышы кызыктырды. Бул кадимки эле биз таңданганда айтчу “амеей да” деген сөздөн алынган. Бул команда — Бишкек шаарындагы тарыхый жайлар тууралуу биз билбеген фактыларды баяндаган тиркеме ойлоп чыгарган. Анын жардамы менен кайсы жерде кызыктуу жайлар бар экенин билип алса болот. Ошондой эле бир кнопканы басуу менен эс алууга бараткандар алдын-ала маршрут түзүп алууга шарт түзүлөт. 

Биринчи орунду багындырган командага Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева 1500 долларлык акчалай сыйлык тапшырды. 

“Кыргызстанда келекчектүү жаштар көп! Билимди экспорттоого мезгил келип жетти. Мыкты идеяларды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө аракет жасайбыз”,-деди Рахат Керимбаева өз куттуктоо сөзүндө. 

Экинчи орунга [cofilm.ai] командасы (1000 доллар), ал эми үчүнчү орунга “IT hab” долбоору (500 доллар) ээ болушту. 

Калган командаларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Эми финалдан өткөн 30 команда 2 ай бою бекер окутуудан өтүшөт. Анда стартап-идеяны ишке ашырууда эмнелерге көңүл буруу керек, канткенде кирешелүү бизнеске айлантууга болот деген суроолорго жооп таба алышат. Андыктан, долбоорго катышкан эч бир команда уттурган жок,-дешет иш-чараны уюштуруучулар.

…………………………………………………