Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ИЛИМДЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ ИЛИМДЕГИ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Бүгүн, 2024-жылдын 9-февралында, Кыргызпатент “Жашыл технологияларды өнүктүрүүдөгү аялдардын инновациялык идеялары жана практикалары” деген аталыштагы иш-чара өткөрдү. 

Ал – илимдеги аялдар жана кыздардын эл аралык күнүнө карата Кыргызпатент жана анын өнөктөштөрү – Бириккен Улуттар Уюмундагы аялдар, Ага Хан фонду, Германия эл аралык кызматташуу коому менен биргеликте уюштурулган. 

Иш-чарага илимге инновациялык салым кошкон илимпоз жана ишкер айымдар, Акселерациялык уюмдар, экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоого салымын кошчу идеялардын авторлору жана Кыргызпатент уюштурган “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрү катышты. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2372 ойлоп табуучулар болсо, анын 378и айымдар. Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, мекеме уюштурган “40 райондон 40 демилге” долбооруна 2023-жылы 245 өтүнмө келип түшсө, анын 106сы айымдарга таандык. Жалпы арыздардын ичинен 8 инновациялык долбоор тандалып алынган болсо, алардын ичинен 3 жеңүүчү аялдар болду. 

Ал эми “Стартап Стюдентс” сынагына 2023-жылы 90 өтүнмө келип түшкөн, анын 45и айымдарга таандык. 3 студент жеңишке жетишсе, анын ичинен 1 айым ушутка ээ болду. Мындан улам, илимдеги айымдар – өлкө экономикасын өнүктүрүүдө зор кыймылдаткыч күч,-дейт Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева. 

Иш-чаранын алкагында келген меймандарга “Илимдеги айымдар – өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү” деген аталыштагы китептер таркатылды. Иш-чара мастер-класстар менен коштолду.