Кыргызпатенттин расмий сайты
 
Роман Оморов өзүнүн калемине таандык “Синергетика жана хаос” жана «Введение в интеллектуальную собственность и инновации в Кыргызской Республике» деген жаңы китептерин 50 даанадан Кыргызпатентке тапшырды

Роман Оморов өзүнүн калемине таандык “Синергетика жана хаос” жана «Введение в интеллектуальную собственность и инновации в Кыргызской Республике» деген жаңы китептерин 50 даанадан Кыргызпатентке тапшырды

2024-жылдын 31-январында, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, Эл аралык илимдер академиясынын академиги Роман Оморовду кабыл алды.

Роман Оморов өзүнүн калемине таандык “Синергетика жана хаос” жана «Введение в интеллектуальную собственность и инновации в Кыргызской Республике» деген жаңы китептерин 50 даанадан Кыргызпатентке тапшырды.

“Синергетика жана хаос” аттуу монографиясында автор өзүн өзү уюштурган системалар жана процесстер жөнүндө, буларды изилдеген илим — синергетика жөнүндө илимий — популярдуу түрдө кеңири маалымат берет.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева профессор Роман Оморовду жылуу куттуктап, бул китептер илимге зор салым кошорун белгиледи. Бул китептер Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун китепканасынын текчелеринен орун алат. Ошондой эле «40 райондон 40 демилге» долбоорунун катышуучуларына жана китепканаларга таратылат.