Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ КЫРГЫЗ-НЕМЕЦ СТАРТАПЧЫЛАР АЯНТЧАСЫН ТҮЗҮҮ ИДЕЯСЫ АЙТЫЛДЫ 

КЫРГЫЗПАТЕНТТЕ КЫРГЫЗ-НЕМЕЦ СТАРТАПЧЫЛАР АЯНТЧАСЫН ТҮЗҮҮ ИДЕЯСЫ АЙТЫЛДЫ 

Мындай идея бүгүн, 2024-жылдын 22-февралында, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Конрад Аденауэр атындагы фондунун жаңы координатору Андре Алгермиссен мырза менен жолугушуусу учурунда талкууланды. 

Мындай аянтча түзүү – эки өлкөдөгү стартап идея ээлеринин бири-бири менен таанышуусуна жана келечектүү долбоорлор боюнча макулдашуусуна түрткү болуп берет,-дешти жолугушуунун катышуучулары. 

Белгилей кетсек, Конрад Аденауэр фонду Германия Федеративдик Республиксынын саясий фонду болуп эсептелет. Өз программалары менен фонд эл аралык кызматташууга жана өз ара түшүнүшүүгө салым кошуп келет. 

Кыргызпатент менен бир нече жылдан бери тыгыз кызматташып келе жаткан фонд – келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын уланышына кызыкдар экенин белгиледи.