Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ

КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫ

2024-жылдын 6-февралынан 21-февралына чейин 72 саатка созулган интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча атайын квалификацияны жогорулатуу курсу ийгиликтүү аяктады.

Бул курс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн көпүрө болуп калды.

Бул өнөктөштүктүн алкагында КММА тарабынан студенттерге сабак өтүү үчүн үчүн интеллектуалдык менчик боюнча окутуучулардын билимин тереңдетүү жана Кыргызпатент тарабынан медицина тармагындагы инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө активдүү көмөктөшүү пландалууда.

Белгилей кетсек, медицина боюнча автордук укуктар патенттик укуктан айырмаланат. Патенттик укук жаңы дарылоо ыкмалары, медициналык аппараттар жана технологиялар сыяктуу медициналык ойлоп табууларга карата колдонулат, ал эми автордук укук идеяны билдирүүнү коргойт.

Автордук укук идеяны билдирүүнү коргосо, патенттик укуктар жаңы жана пайдалуу техникалык чечимди коргойт.

Медицинадагы автордук укук — интеллектуалдык менчикти квалификациялуу коргоо — коомдун өнүгүшү үчүн, өзгөчө адамдардын ден соолугун сактоо үчүн маанилүү болгон татаал тармак.

Автордук укукту коргоо жаратуучуларга алардын чыгармаларынын колдонулушун көзөмөлдөөгө, аларды уруксатсыз пайдалануудан жана плагиаттан коргоого мүмкүндүк берет.

Бул авторлорду жаңы жана натыйжалуу дарылоо, диагностика жана изилдөөлөрдү түзүүгө үндөп, медицина тармагындагы инновацияларды стимулдаштырууга жардам берет.

Кыргызпатенттин кызматкерлери жана эксперттери курстун катышуучуларына медицинадагы автордук укук, ойлоп табуулар жана товардык белгилер түшүнүктөрүн жеткирүүгө аракет кылышты, ошондой эле медицина кызматкерлеринин чыгармачылык аракетин коргоо механизмдерине токтолушту.

Бул курстун катышуучуларына интеллектуалдык менчик маселелерин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди, бул албетте алардын профессионалдык өнүгүүсүнө жана ийгиликтүү практикалык ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзөт деген ишеним бар.