Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ “БИЛИМ БИШКЕК” ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОРУН АЧУУ БОЮНЧА 4 ТАРАПТУУ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ “БИЛИМ БИШКЕК” ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОРУН АЧУУ БОЮНЧА 4 ТАРАПТУУ КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЙДУ

2024-жылдын 19-мартында Кыргызпатентдин директору Рахат Керимбаева – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Түрк Республикасынын Технологиялык команда фонду жана Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги менен биргеликте экинчи инновациялык борборду ачуу боюнча келишимге кол койду.

“Билим Бишкек” инновациялык борбордун негизги максаты – таланттуу жаштарга технологияларды иштеп чыгуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процесстерине катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.

“Билим Бишкек” жаштардын, студенттердин жана коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетип, билим алмашууга, жаңы долбоорлорду түзүүгө жана илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүчү аянтча болуп калат деген ишеним бар. 

Бул долбоор таланттуу адистерди тартып, инновациялык, интеллектуалдык менчик экосистеманы түзүү аркылуу жаштардын келечегин жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздайт жана жаш муундун келечекте туура кесип тандоосуна түрткү берээри айтылууда.