Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮРҮМЧҮДӨ

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮРҮМЧҮДӨ

Кыргызпатенттин эки кызматкери Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында билим алууда. Жалпысынан Кыргызстандан 23 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер окууга кеткен.

Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, окуу квалификацияны жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү программанын негизинде жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул ийгилик — агенттиктин Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашкан.