Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ЖАНА АГА КАРАШТУУ МЕКЕМЕЛЕРДИН ЖАҢЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИ КОРГОО БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ЖАНА АГА КАРАШТУУ МЕКЕМЕЛЕРДИН ЖАҢЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИ КОРГОО БОЮНЧА ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

2024-жылдын 31-январынан 2-февралына чейин Кыргызпатент тарабынан «Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо. Кыргыз Республикасында инновацияларды өнүктүрүү» аталышындагы иш-чарага Кыргызпатенттин, Интеллектуалдык менчик Мамлекеттик фондунун жана «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин 27 жаңы кызматкерлери катышты. 

Курстун максаты катышуучуларга интеллектуалдык менчикти укуктук камсыздоо жана коргоо, ошондой эле Кыргызстанда инновацияны өнүктүрүү маселелери боюнча терең теориялык жана практикалык билимдерди берүү болгон.

Курс интеллектуалдык менчик маселелерин укуктук жактан коргоо боюнча теориялык жана практикалык түрдүү аспектилерди камтыды. Катышуучулар Кыргызпатенттин ар бир бөлүмдөрүнүн иши менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат, мамлекеттик кызматкерлердин этикасы, «Инфодокс» электрондук документ жүгүртүү системасы менен иштөө, Кыргызпатентте иш кагаздарын жүргүзүү процесси, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелери сыяктуу маанилүү аспектилер каралган. 

Тренингдин практикалык бөлүгүндө Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлерине интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмөлөрдү каттоо, берүү жана толтуруу процесстерине, өнөр жай менчигине, товардык белгилерге экспертиза жүргүзүү, автордук укук объектилерин каттоо боюнча консультациялар, «Гиперграф” системасы аркылуу сый акыларды бөлүштүрүү боюнча машыгышты. 

Окутуунун натыйжалуулугун баалоо үчүн баштапкы жана акыркы тестирлөө жүргүзүлдү. Окуунун аягында угуучулар “квалификацияны жогорулатуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы жана окуу курсун уккандыгы жөнүндө” сертификаттарга ээ болушту.