Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2024-жылдын 2-февралында, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александра Соловьева менен жолукту. Анын жүрүшүндө, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, мекемеде ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берген соң, келечектүү долбоорлор боюнча кызматташууну сунуштады.

Ар бир үй-бүлө – инновациялык үй-бүлө болушуна шарт түзүшүбүз керек,-деген Рахат Керимбаеванын сөзүн угуп, ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Александра Соловьева, Кыргызпатентте аткарылып жаткан иштер масштабдуулугу менен таасир калтыраарын айтты. Сунушталып жаткан идеялар колдоого аларлык экенин билдирди. Тараптар жакынкы убакытта жолугуп, долбоорлорду ишке ашыруунун деталдуу пландарын талкууламай болушту.