Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ИЧИНЕН “ЭҢ ЖАКШЫ” ДЕГЕН БААГА ТАТЫДЫ

КЫРГЫЗПАТЕНТ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ИЧИНЕН “ЭҢ ЖАКШЫ” ДЕГЕН БААГА ТАТЫДЫ

Президенттик аппараттын коллегиясында 2023-жылга министрлер кабинетинин иш-планынын аткарылышынын жыйынтыгы каралды. Жыйында белгилүү болгондой, 16 мамлекеттик орган «эң жакшы», 15 «жакшы», 1 «канааттандырарлык» жана 1 «канааттандырарлык эмес» деген баа алган. 

Кыргызпатент «эң жакшы» деген баа алган мамлекеттик органдардын алгачкы үчтүгүнө кирди.

Мыкты мамлекеттик органдардын арасында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктен тышкары — Ички иштер министрлиги, Улуттук статистикалык комитет да бар. 

Ал эми «жакшы» деген баага: Саламаттыкты сактоо министрлиги, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Экономика жана соода министрлиги татыган.