Кыргызпатенттин расмий сайты
 

“Интеллектуалдык менчик жана инновациялар өлкөнүн өнүгүшү үчүн: жаркын келечекке бирге” улуттук форуму ийгиликтүү өттү.

Иш-чаранын катышуучуларын оркестрдин коштоосунда жагымдуу музыка менен тосуп алышты.

Форумдун алкагында инновациялык долбоорлор көргөзмөсү уюштурулган. Ага Кыргызпатент уюштурган стартап-долбоорлордун катышуучулары өндүргөн инновациялык буюмдар коюлду.

Иш-чаранын жүрүшүндө:

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Инновациялык менчик бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы директорунун орун басары Марко Алемандын эки тараптуу жолугушуусу;

-Германия Кызматташтык уюму менен стартап-экосистемасын өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюу;

-“Взгляд в будущее” эл аралык универсиадасынын катышуучуларына сыйлыктарды тапшыруу аземи;

-Панелдик сессиялар;

-Бүткүл дүйнөлүк автордук укук жана китеп күнүнө карата форумдар, флешмобдор уюштурулган.

Форумга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана Жогорку окуу жайларынан 500дөн ашуун өкүл катышты.