Кыргызпатенттин расмий сайты
 

29-ноябрда Кыргызпатент Сколково Фонду менен биргеликте конференция өткөрдү, анда стратегиялык сессиянын бет ачары болду: «Кызматташтык аркылуу локализация 2.0. КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасынын мүмкүнчүлүктөрү жана механизмдери. Стартап кантип башка өлкөнүн рыногуна кире алат?

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, «Сколково» Фондунун аймактык жана эл аралык өнүктүрүү боюнча вице-президенти Ю.Сапрыкин, Сколковонун аймактык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Окунев, ошондой эле жаңыдан баштаган ишкерлер жана бизнес өкүлдөрү катышты. эл аралык рынокто стартап-долбоорлорду илгерилетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана механизмдерин талкуулашты.

Конференциянын катышуучуларына КМШга мүчө-мамлекеттердин өлкөлөрүндө өз продукциясын коммерциялаштыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.