Кыргызпатенттин расмий сайты
 

25-ноябрда директор Керимбаева Рахат Топчубаевна жетектеген Кыргызпатенттин кызматкерлери Мамлекеттик техникалык университетте өткөн экинчи кыргыз-корей «IT-конференция 2022» иш-чарасына катышты. И.Раззаков жана Сеул эл аралык уюму Фаблаб-Бишкек менен биргеликте уюштурган.

Бул иш-чарада Кыргызпатенттин директоруна жана кызматкерлерине “IT чөйрөсүндө санариптик билим берүүгө тынымсыз салым кошкондугу жана Fablab-Bishkek менен кызматташуунун алкагында ишкердикти жана өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү үчүн” ыраазычылык каттары тапшырылды.

Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева куттуктоо сөз сүйлөп, анда Фаблаб-Бишкектин Кыргызпатенттин алдындагы Инновациялык борбордо фаблаб-жумуштарды уюштурууга кошкон салымын жана колдоосун белгиледи.

Бул конференциянын жүрүшүндө Кыргызпатенттин директору ошондой эле Сеул эл аралык достук уюмунун президенти Сунь Чжу Ли айым менен жолугушуп, аймактардын жаш муундары үчүн IT-технологиялар боюнча инновациялык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча келечектүү кызматташуу маселелерин талкуулады.