Кыргызпатенттин расмий сайты
 

7-декабрда Кыргызпатентте “Стартап студенттер” сынагынын стартап долбоорлорун алдын ала тандоо боюнча сынактык комиссиянын биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйында «Стартап студенттер» сынагын өткөрүүнүн жол-жобосу тууралуу кыскача маалымат берилип, арыздар кабыл алынды. Ошондой эле жыйында арыздарды кароонун форматын аныктоо маселелери талкууланып, алдын ала тандоонун баалоо формасынын долбоору бекитилди.

“Стартап студенттер” сынагынын жобосуна ылайык, көз карандысыз эксперттерден турган сынак комиссиясы 2 күндүн ичинде ар бир стартап-долбоорду төмөнкү критерийлер боюнча алдын ала баалайт:

1) долбоордун жаңычылдыгы;

2) долбоордун социалдык мааниси;

3) долбоорду коммерциялаштыруу перспективалары;

4) кийинки алты айга Сынакка катышуунун алкагында долбоорду иштеп чыгуу планы.

Сынактын негизги максаты — студенттердин стартап долбоорлоруна дем берүү жана колдоо, республиканын бардык аймактарында жарандардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүккө кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу.