Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2022-жылдын 8-декабрында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) жыйындар залында кызматкерлердин арасында анкета сурамжылоо өткөрүлдү.

Бул сурамжылоонун максаты Кыргызпатенттин ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди мүмкүн болгон аныктоо болуп саналат. Сурамжылоо анонимдүү негизде өттү.

Белгилей кетсек, ушундай эле анкеталык сурамжылоо Кыргызпатенттин ведомстволук түзүмдөрүндө да жүргүзүлгөн.