Кыргызпатенттин расмий сайты
 

9-декабрда Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү боюнча тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргызпатенттин демилгеси менен уюштурулган. Департаменттин директору Рахат Керимбаева КР ЖК депутаттарына жана тегерек столдун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылды.

Ал өз сөзүндө Кыргызпатенттин ченем жаратуучу ишмердүүлүгү жөнүндө, атап айтканда, «Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; «Патенттик мыйзам» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору; “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана “Инновациялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Тегерек столдо Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева да бөлүм тарабынан ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоорлорго кеңири токтолду: таланттуу жаштарды, ойлоп табуучуларды жана рационализаторлорду табууга багытталган долбоорлор жөнүндө; коомдук башталышта илимий жетекчилер институтун өнүктүрүү.

Тегерек столдун иш-чараларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары активдүү катышты. Тактап айтканда, эл өкүлдөрүнө “соодалык белги”, “бренд” сыяктуу түшүнүктөр, ар кандай социалдык түйүндөрдө автордук жана чет элдик музыкалардын колдонулушу жана башка көптөгөн суроолор болду.

Тегерек столдун жүрүшүндө депутаттар Айсаркан Абдибаева, Динара Ашимова, Фарходбек Алимжанов, Жалолидин Нурбаев, Аида Исатбек кызы, Султанбай Айжигитов, Фархат Исмаилов жана Эльдар Сулаймановдор өздөрүнүн сунуштарын, каалоо-тилектерин айтышты. Парламентарийлер Кыргызпатент тарабынан демилгеленген мыйзам чыгаруу демилгелерин колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Коомдук башталыштагы илимий жетекчилер институтуна келсек, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Султанбай Айжигитов өзү окуган Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебине ушундай насаатчы болууга даяр экенин билдирди.