Кыргызпатенттин расмий сайты
 

20-декабрда Кыргызпатенттин жыйындар залында директор Рахат Керимбаева патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен жолугушту.

Күн тартибинде Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү чөйрөсүндө мындан аркы кызматташуу, интеллектуалдык менчикти коргоодо патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн ролу кандай деген маселелер каралды.

Жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилерин өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн патенттик ишенимдүү өкүлдөр Флорида Борисович Ким, Гульмира Артыкбаевна Джумалиева, Валентина Григорьевна Пахман, Омургул Сагыналиевна Балпанова, Жылдыз Аскарбековна Өмүралиев, Бакытбек Дөөлөтбекович, Сапараралиев, Сакирада Сапаралиев. Вандаев Михайлович, Ильясова Нурайым Замирбековнага ыраазычылык каттары салтанаттуу түрдө тапшырылды.