Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2023-жылдын 11-мартында Ош облусу боюнча «Интеллектуалдык менчик жаатындагы Билим кербенинин» алкагында Кыргызпатенттин адистери инновациялык бизнес-идеяларды жана долбоорлорду ишке ашырууга багытталган Жаштар кубогуна чейинки инкубация программасынын ачылышына катышты.

Бул иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызпатент жана Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен биргеликте «Аксеlerate Prosperity» болуп саналат.

Жаштар кубогу инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдырууга, өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү потенциалды жогорулатууга жана аймактагы туруктуу гүлдөп-өнүгүү үчүн социалдык биримдикти бекемдөөгө багытталган.
Кыргызпатенттин адистери Арстанбек Бердалиев, Урмат Сарыпов жана Алмаз Алымкуловдор ОшМУнун студенттерине өнөр жай менчигинин объектилерин, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин каттоонун артыкчылыктары, жаңы баштаган бизнесмендерди жана ишкерлерди, ишин жаңыдан баштаган ишкерлерди, студенттерди жана мугалимдерди эффективдүү коргоо үчүн автордук укук жөнүндө лекцияларды окушту.

Ошондой эле, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директорунун орун басары Төлөгөн Мухтаров Кыргызпатенттин демилгеси менен жаңы инновациялык долбоорлорду тандап алуу жана ишке ашыруу боюнча «40 район – 40 демилге» долбоорун ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Сөзүнүн аягында Т.Мухтаров интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун жаш ойлоп табуучуларды жана авторлорду колдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат берди. Кыргызпатенттин адистери ошондой эле укуктарын толук жана натыйжалуу коргоо үчүн интеллектуалдык менчик объектилерин каттоодон өткөрүүгө чакырышты.