Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Великий Новгороддо жаш ойлоп табуучулардын жана рационализаторлордун эл аралык форуму етуп жатат

Форумдун алкагында ойлоп табуучу жана технологиялык ишкер аялдардын Евразиялык конференциясы башталды. Мындан тышкары, Жаш ойлоп табуучулар менен рационализаторлордун эл аралык көргөзмөсү ачылып, ага Беларусь Республикасынын, Армения Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын жаш рационализаторлору жана ойлоп табуучулары катышууда. . Биздин өлкөдөн Баткен мамлекеттик университетинин бизнес-инкубаторунун башкы адиси Абдыкалык уулу Шержан балык чарбасына, аквапарктарга, фонтандарга дагы ылайыктуу бассейндерди, суу сактагычтарды тазалоочу аппараттын жана өкүлдүн презентациясы менен Ошол эле университеттин резиденти (стартап) Айдарали уулу Эрнист, ал абадан суу топтоочу жабдуулардын долбоорун сунуштап жатат. Анын жабдыгы суу молекулаларын өзүнө топтоп, чыпка аркылуу тазалап, күн энергиясы менен иштөөгө ылайыкталган ичүүчү суу түрүндө чыгат.